Маалымат булактарынын бири жеткирүү келишими буга чейин макулдашылганын айтса, Казакстандын энергетика министринин кеңешчиси Чынгыс Ильясов орусиялык кесиптештеринен мындай кайрылуу түшпөгөнүн билдирди.
Орусиянын Энергетика министрлиги Reuters агенттигинин комментарий берүү өтүнүчүнө жооп берген эмес.
Агенттиктин маалыматына караганда, Беларус да Орусияга бензин жеткирүүдө жардам берүүгө макул болгон.
Агенттиктин баамында, март айынын соңуна карата украиналык учкучсуз учактардын чабуулдары Орусиянын негизги мунай иштетүү кубаттуулугунун 14 пайызга жакынын иштен чыгарды. Орус бийлиги ички базарда абал туруктуу жана күйүүчү майдын запасы көп экенин билдирип келет.
1-мартта орус өкмөтү күйүүчү майдын тартыштыгын болтурбоо үчүн бензинди экспорттоого алты айга тыюу салган. Чектөө өкмөттөр аралык келишимдердин, анын ичинде Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен түзүлгөн келишимдердин алкагындагы жеткирүүлөргө тиешелүү эмес.