Шектүүнүн аты-жөнү айтылган жок.
Италия полициясы тажик жараны он жыл мурун Сириядагы согуштук аракеттерге катышуу үчүн барганын жана ал жерде "ИМ" тобуна ант бергенин белгиледи.
"Франс Пресс" агенттигинин (AFP) маалыматына караганда, шектүү дүйшөмбү күнү эртең менен Эйндховен шаарынан (Нидерланд) учуп келери менен Римдеги Фиумицино аэропортунда кармалган.
Италия полициясынын маалыматы боюнча, ал "ИМдин" ишине катышкан деген айып менен издөөдө жүргөн жана Өзбекстан, Кыргызстан, Украина жарандарынын бир нече жасалма паспортторун колдонгон. Аны издөөнү жана кармоону кайсы мамлекет демилгелегени белгисиз.
Италиянын ички иштер министри Маттео Пиантедоси тажик жаранынын кармалышын "полициянын талыкпаган ишинин абдан маанилүү натыйжасы" деп атады.
22-мартта Москвадагы концерттик залда теракт болгон. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" радикал тобу өз мойнуна алган. Федералдык коопсуздук кызматы калабага байланыштуу ондон ашык шектүү кармалганын билдирген. Алардын ичинен тажикстандык төрт киши "теракты түздөн-түз ишке ашырууга" шек саналып, эки айга камалган.
Тажикстан жарандарынын ысымдары Иран аймагындагы акыркы үч теракт учурунда да айтылган.
Быйыл март айынын башында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон дин өкүлдөрү менен жолугушууда үч жыл ичинде өлкөнүн 24 жараны он өлкөдө теракт жасаганын же аларды даярдаган деп шектелип жатканын мойнуна алган.