Амударыядан суу алып, Ооганстандын түндүк провинцияларын сугат суу менен камсыз кылары айтылган каналдын курулушу 2022-жылы жазында башталган. “Талибандын” расмий өкүлдөрүнүн айтымында, быйыл февралдын соңунда долбоордун экинчи бөлүгүнүн курулушуна старт берилди.
Ооганстандын TOLOnews басылмасы Кутбудин Якуби аттуу экономистке шилтеме кылып кабарлагандай, Коштөбө каналы массалык түрдө иш орундарын түзө турган “жашыл революцияга” алып келет.
Бирок Ооганстандын коңшулары курулуш иштеринин сапатынан күмөн санап, тынчсызданууларын билдирүүдө. Буга былтыр ноябрда каналдын курулуп бүткөн бөлүгүнөн ири өлчөмдө суу агып чыкканы тартылган спутник сүрөттөрү, ошондой эле курулуш иштеринин сапаты "талаптагыдай эмес экени" жөнүндө Аналитикалык отчеттордун борбор азиялык бюросунун эксперттик баасы түрткү болууда. Бүгүнкү күнгө чейин андагы суунун агып чыгышынын себептерине байланыштуу түрдүү пикирлер айтылып келет.
Маалыматка караганда, аймактык "Чек арасыз дарыялар" экологиялык коалициясы айгай салганга чейин каналдан суу бир ай бою агып чыгып турган. Эксперттик топ спутниктен тартылган сүрөттөргө анализ жүргүзүп, суунун агып чыгышын каналдын конструкциясындагы мүчүлүштүктөр менен түшүндүрүшкөн.
"Каналдын дубалы ири көлөмдөгү суу агымынын басымына туруштук бере албай калганы көрүнүп турат. Жыйынтыгында суу аймакка каптаган", – деп жазылган топтун билдирүүсүндө.
Өз кезегинде талибдер каналдын 75-чакырымындагы жер алдындагы суунун деңгээлин көзөмөлдөө максатында каналдагы суу атайылап агызылганын билдиришкен. Бирок анда көптөгөн көз карандысыз эксперттер бул түшүндүрмөгө ишенишкен эмес.
Коштөбө каналынын курулушун 2028-жылы аяктоо пландалууда. Анын узундугу 285 чакырымды, туурасы 100 метрди жана тереңдиги 8,5 метрди түзөрү айтылган. Эксперттердин божомолуна ылайык, канал Ооганстандын Тажикстан жана Өзбекстан менен чек арасын бөлүп турган Амударыядагы суунун 20% алып турат.
Каналдын ишке берилиши Өзбекстандын пахта өстүрүү тармагына, ошондой эле Арал деңизин калыбына келтирүүгө аракет кылып жаткан Казакстанга көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн экени айтылып келет.
Өткөн жылы сентябрда Арал деңизине арналган аймактык жолугушууда сүйлөгөн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Борбор Азиядагы суу тартыштыгына байланышкан кырдаал мындан ары да курчуй турганын айткан. Ал Коштөбө каналынын курулушу "Борбор Азиядагы суу балансын түп-тамырынан өзгөртүшү мүмкүн экенин" белгилеп, Ооганстанды "суу ресурстарын биргелешип пайдалануу боюнча аймактык диалогго чакырган.