Документтин көчүрмөсү менен таанышып чыккан "Озоди" радиосу кабарлагандай, "Тажикстандын Куралдуу күчтөрүнүн жеке курамын" даярдыктан өткөрүү үчүн Түркиянын бюджетинен 2 миллион лира бөлүнөт.
Каржылык жардам тажик аскерлерин Түркиянын Коргоо күчтөрүнүн карамагындагы окуу борборлордо окуудан өткөрүүгө багытталат. Каражат аскер кызматкерлеринин транспорттук чыгымдары, жатаканасы, тамак-ашы жана билим алуусу үчүн жумшалат.
Анкара менен Душанбенин ортосундагы бул келишимдин мөөнөтү беш жылды түзөт.
Аскер кызматкерлерин чет өлкөлөргө окууга жөнөтүү – Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Тажикстан үчүн кадимки тажрыйба. Буга чейин тажик офицерлери мамлекеттер аралык келишимдердин алкагында Орусияда жана Казакстанда окуп келишкен.