Нааразылыкка чыккандар оор жүк ташыган техникалардын, автокрандардын, бетон куйган автоунаалардын айдоочулары болду.
“Жүктүн салмагын текшергендер шаардын каалаган жеринен бизди токтотуп, текшерип жатат. Алар ар кимге ар кандай айып пул салууда. Андан сырткары мэрия бизди күндүз иштебегиле дейт. Эки тараптын бири-бири менен байланышы жок, болбосо экөө тең мамлекеттик мекеме”, - деди айдоочулар.
Азыр Бишкектин четинде 300гө чукул оор жүк ташуучу жана атайын техника токтоп турат. Алар койгон талаптары ишке ашмайынча, жумушка чыкпай турганын айтышууда.
5-апрелден тарта Бишкек мэриясы оор жүк ташуучу автоунаалардын шаар ичинде жүрүшүнө чектөө киргизген. Жол коопсуздугун жана жолдун сапатын сактоо максатында кирген талапка ылайык, салмагы 18 тоннадан оор жүк ташуучу автоунаалардын саат 7:00-21:00 аралыгында шаардагы муниципалдык жолдо жүрүшүнө тыюу салынат. Мындай чектөө 1-октябрга чейин күчүндө болот.
Гуманитардык жардам жана тез бузулуучу тамак-аш азыктарын жеткиргендер жана муниципалдык тапшырыктын негизинде жүк ташыгандар, мэрия тараптан жол курууга, оңдоого тартылган техникалар мындай талаптан бошотулат.
Мэрия бул талапты бузган айдоочуларга “Укук бузуулар кодексинин” негизинде айып каралганын эскерткен.