Ссылки доступа

Өзбекстан казак буудайын импорттоо боюнча биринчи орунга чыкты


Өзбекстан казак буудайын импорттогон негизги өлкө бойдон калууда. Бул тууралуу "АПК-Информ" басылмасы расмий статистикага таянуу менен билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын сентябрынан 2024-жылдын февралына чейин Казакстан Өзбекстанга 1,6 миллион тонна буудай жеткирген. Бул өткөн сезондун ушул мезгилиндеги көрсөткүчкө салыштырмалуу 1 миллион 529 миң тоннага көп.

Быйыл февраль айында Казакстандан экспорттун көлөмү акыркы төрт айдагы эң жогорку чекке жетти - Өзбекстан коңшу өлкөдөн 296 миң тонна буудай сатып алды. Былтыр январь-август айларында Өзбекстан Казакстандан буудай импорттоону кескин көбөйткөнү кабарланган.

Сегиз айдын жыйынтыгы боюнча Өзбекстанга казак буудайын жеткирүүнүн көлөмү 3 миллион 880 миң тоннаны түздү.

2023-жылы буудайдын эң көп көлөмү Өзбекстанга жөнөтүлгөн. Тактап айтканда, бул өлкөгө 2 миллион тонна буудай экспорттолуп, өсүш 40% түзгөн.

XS
SM
MD
LG