Ал тургай Орусиянын укук коргоо органдары алардын сүрөттөрүн жана кыскача өмүр баянын жарыялаган.
Бирок 23-мартта Тажикстандын Ички иштер министрлиги орус басылмаларынын аталган жарандардын кармалганы тууралуу алгачкы маалыматы чындыкка коошпой турганын кабарлаган.
Себеби алар терактка чейин эле – 2023-жылы ноябрда Орусиядан Тажикстанга кайтып келишкен.
Бир жума мурун, 4-апрелде "Озоди" радиосунун журналисттери шектүү делинген жарандар менен жолугушуу үчүн Балхи районуна барышкан. Бирок алар менен жолушууга мүмкүн болгон эмес.
"Ал күнү биз аларды үйдөн таппадык, кошуналары Ривожиддин Исмонов менен Махмадрасул Насриддинов эркиндикте экенин, иш менен сыртка чыгашканын айтышты. Аларды дээрлик алты саат күттүк, бирок жолугушуу болгон жок. Алардын жакындары да журналисттер менен байланышкысы келген жок. Айылдык кеңештин башчысы менен сүйлөшүүгө аракет кылдык, бирок ал да сүйлөшүүдөн баш тартты", — деди "Озодинин" кабарчысы Иршод Сулаймони.
22-март күнү кечинде Москванын четиндеги “Крокус Сити Холл” борборундагы концерттик залга кол салуу болгон. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) кылмышка шек саналган 11 киши кармалганын, алардын 10у камакка алынганын кабарлаган. Эки айга камалгандардын сегизинин теги тажикстандык, бирөө Кыргызстандан чыккан орус жараны экени белгилүү болгон. Теракт үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук уюму өзүнө алган.
Расмий маалыматка караганда, бул кол салууда каза болгондор 144кө жетип, жарадар болгондор 500дөн ашты.