Маалыматка караганда, "Абдул Зуфар" аттуу каймана ысым менен белгилүү Миролим Улмасов 2018-жылы Түркияга иштегени кетип, ал жактан "Хайят Тахрир аш-Шам" террордук уюмуна кошулуу үчүн Сириянын аймагына өткөн.
Түркияда жүргөндө ал түрдүү интернет сайттардан хижратка жана жихадга үндөгөн Садик Самаркандинин, Абу Салахтын, Абдулла Зуфаранын жана башка адамдардын баяндарын уккан. Алардын идеяларына берилген Миролим согушкерлердин катарына кошулуп, мыйзамсыз жолдор аркылуу Сирияга барып, андагы согуштук аракеттерге катышкан.
Улмасов ошондон бери үй-бүлөсү менен байланышка чыккан эмес. Ал 2020-жылы курсташы менен "Телеграм" мессенжеринде сүйлөшүп, ага Сирияда жүргөнүн ырастаган сүрөтүн жөнөткөн. Ошол эле жылы Миролим "Жихадчылар" диний-экстремисттик кыймылдын мүчөсү катары катталган.