Ссылки доступа

Ташкент Израилдеги жарандарын этият болууга чакырды


Өзбекстандын Израилдеги элчилиги бул өлкөдө жүргөн жарандарына кайрылды.

«Ушул оор күндөрдө жеке коопсуздукка коркунуч туудурган жагдайларды болтурбоо үчүн зарылчылык болбосо, жашаган жериңизден чыкпоону сунуштайбыз», — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Иран жекшембиге караган түнү Израилге учкучсуз учактары жана ракеталары менен ири чабуул жасаган.

Иран Израилге карай жүздөгөн камикадзе-дрондорун учурган. Бул тууралуу ишемби күнү кечинде Израилдин Коргоо күчтөрү – ЦАХАЛ билдирген. Дрондор бир нече толкун менен учурулган. Кийинчерээк канаттуу жана баллистикалык ракеталар колдонулганы кабарланган.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ишемби күнү кечинде телекайрылуу жасап, өлкө бийлиги Ирандын ыктымал чабуулуна даяр экенин билдирген. Ал Израил тургундарын Ички фронттун буйруктарын так аткарууга чакырып, ошондой эле эгер Иран Израилге кол салса, анын кесепеттери болорун эскерткен.

XS
SM
MD
LG