Маалыматка караганда, окуя 9-апрелге караган түнү тажик-ооган чек арасынын Чах-аб аймагында жайгашкан тилкесинде болгон.
Азырынча бул маалымат тажик тараптан да, ооган тараптан да расмий ырастала элек. «Хашти субх» басылмасы Тахардагы жергиликтүү булактарга таянып, каза болгондор Тахар жана Бадахшан провинцияларынын тургундары экенин жазды. Болжол менен алар маңзат аткезчилери болгон. Алардын экөө буга чейин Тахар провинциясынын Чах-аб аймагында жерге берилген.
Өлтүрүлгөндөрдүн аты-жөнү азырынча тактала элек.
Ооганстандан Тажикстанга маңзат ташуу – Душанбени тынчсыздандырган маселелердин бири. Өлкө бийлиги Ооганстанда талибдер бийликке келгенден бери маңзат аткезчилигинин агымы кыйла көбөйгөнүн ырасташууда.
Өз кезегинде талибдер 2023-жылы баңги затына тыюу салгандан кийин Ооганстанда апийим өстүрүү 95 пайызга кыскарганын айтышууда. Тажикстан менен Ооганстанды Панж дарыясы бөлүп турат, бирок бүтүндөй чек ара сызыгын бойлой аткезчилер колдонгон биртоп тилкелер бар.
Тажикстандын Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү агенттигинин маалыматы боюнча, 2023-жылы Тажикстанда 5 тоннага жакын маңзат алынган.