Өлкөнүн юстиция министри Музаффар Ашуриен түзөтүүлөрдүн максаты "көп партиялуу системаны бекемдөө, саясий партиялардын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун камсыздоо жана өлкөнүн эл аралык аренадагы демократиялык мамлекет макамын жогорулатуу" экенин айтты.
"Саясий партиялар жөнүндө" жаңыланган мыйзамдын тексти азырынча жарыялана элек, бирок юстиция министринин айтымында, мамлекеттин колдоосун парламентке өткөн партиялар гана ала алышат. Парламенттеги орундардын басымдуу бөлүгүн бийликтеги Элдик-демократиялык партия жана өкмөтчүл беш партия ээлейт. Тажикстандагы жалгыз оппозициялык партия шайлоодо бир да жолу жеңишке жете алган эмес.
11-апрелде юстиция министрли депутаттарга шайлоодо 5%дан ашык добуш алган саясий партиялар мамлекеттик бюджеттен бир жолку колдоо алса болорун билдирди. Музаффар Ашуриендин айтымында, колдоонун көлөмү саясий партия алган добуштардын санына көбөйтүлгөн эсептөө көрсөткүчүнүн 7 пайызын түзөт. Бүгүнкү күндө Тажикстанда эсептик көрсөткүч 72 сомони.
Тажикстандын Конституциясына 2016-жылы киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, саясий партияларга чет өлкөдөн каражат алууга тыюу салынат. Саясий партиялардын каражаттары мүчөлүк акыдан гана турат.
Бүгүнкү күндө Тажикстанда расмий каттоодон өткөн 7 саясий партия бар. Кээ бир партиялардын өкүлдөрү өздөрүн "конструктивдүү оппозициябыз" деп атаса, азыр чет жерде жүргөн оппозиция өкүлдөрү аларды "чөнтөк партиялары" деп эсептешет.