Ссылки доступа

Ишкерлер Мирзиёевден электромобилдердин импортуна киргизилген чектөөнү жокко чыгарууну өтүнүштү


Өзбекстандагы электромобиль автосалондорунун жүздөгөн ээлери өлкө президенти Шавкат Мирзиёевге видеокайрылуу жасап, электромобилдердин импортуна киргизилген чектөөнү жокко чыгарууну өтүнүштү.

Алардын айтымында, өкмөттүн тиешелүү чечиминин жыйынтыгында миңдеген киши жумушсуз калышы мүмкүн.

"Озодлик" радиосу белгилегендей, электромобилдердин импортуна мамлекет башчысы өзү чектөө киргизген. Мирзиёев 18-мартта кол койгон токтомдо бул чечимге Кытайдагы алдыңкы электромобиль өндүрүүчүлөрдүн бири деп эсептелген BYD компаниясынын өзбек өкмөтүнө кайрылганы негиз болгону жазылган.

Буга чейин BYD өзбек өкмөтүнө кайрылып, электромобилдердин өлкөгө "тартипсиз" импортун чектөөнү өтүнгөнү, анткени "импорттолуп жаткан автоунаа үлгүлөрү жергиликтүү климатка жана жол шарттарына ылайыкташпаганы" кабарланган. Бирок кытай компаниясынын бул кайрылуусунун тексти эч жерге жарыяланган эмес.

Президенттин токтомуна ылайык, жооптуу мекемелер 1-июнга чейин BYD автоунааларынын импортун жөнгө салуу тууралуу инвестордун талаптары боюнча сунуш даярдашы керек болчу. Бирок эмнегедир токтомдогу чектөөлөр документ расмий жарыялангандан эки жума өткөндөн кийин эле күчүнө кирген.

Кайрылуунун авторлору чектөө киргенден кийин "400дөн ашык ишкер аргасыз абалга кептелгенин" билдиришти. Алардын айтымында, 2023-жылы чет өлкөлүк автоунааларды жеке ишкерлерге да сатууга уруксат берилгенден кийин компаниялардын көбү сырттан унааларды алып келип, диллерлердикинен кыйла арзан баада сата башташкан. Ишкерлер Кытайдагы өнөктөштөрү менен электромобиль алып келүү боюнча ири суммаларга келишимдерди түзүп, көпчүлүгү акчасын толук берип коюшкан. Бирок чектөөлөр киргизилгенден кийин товарлар Кытай менен Казакстандын чек арасында өтпөй туруп калган. Мындан улам бул иш менен алектенген жеке ишкерлер банкротко кептелип, миңдеген киши жумушсуз калганы турат.

Кайрылуунун авторлору билдиргендей, ишкерлер 2023-жылы эле 630 миллион долларга 21 миң электромобиль импорттогон. Кошумча нарк салыгы, утилизациялык алым жана башка төлөмдөрдүн эсебинен бюджетке жалпысынан 1,25 триллион сум (100 миллион доллар) түшкөн.

2023-жылы декабрда Өзбекстандын автоунаа өндүрүү тармагында монополист эсептелген UzAuto Motors компаниясы Кытайдын BYD компаниясы менен электромобиль өндүрүү боюнча биргелешкен ишкана түзүү тууралуу макулдашууга кол коюшкан. Анда гибриддик автоунааларды жана электромобилдерди өндүрө турган жаңы автозавод быйыл июнь айында ачылары айтылган.

XS
SM
MD
LG