Ссылки доступа

Тажикстанда бешинчи кабаттын терезесинен түшүүгө аракет кылган жигит каза болду


Махмадкарим Эмомали
Махмадкарим Эмомали

Тажикстандын Вахдат шаарында жашаган 24 жаштагы душанбелик Махмадкарим Эмомали бешинчи кабаттагы батирдин терезесинен аркан менен түшүүгө аракет кылган учурда каза болду.

Күбөлөр менен маркумдун жакындары ал "аскерге күч менен алып кетүү үчүн келгендерден" качкан болушу мүмкүн деп болжолдоп жатышат. Азырынча расмий органдар окуя боюнча комментарий бере элек.

Ырасталбаган версиялардын бирине ылайык, кырсык жергиликтүү бийликтин эки өкүлү Махмадкарим турган батирде "адам жашар-жашабасын билүү үчүн" эшикти такылдаткандан кийин болгон.

"Инимдин сөөгүн Вахдаттагы өлүкканадан алып келдик. Анын буту бир нече жеринен сынган экен. Мындан тышкары денесинде көптөгөн көгөргөн жерлери бар экен. Ал кулаганда дубалге же кондиционерге урунган окшойт. Айрым маалыматтар боюнча, иним эшикти кечке такылдатып, үйгө кирүүгө аракет кылгандардан качуу үчүн терезеден түшүүнү чечкен", – деди маркумдун агасы Мухаммад Эмомали.

Анын айтымында, иниси акыркы жарым жылдан бери Вахдат шаарында автоунаа оңдоп иштеп жүргөн. Батирде ал тааныштарынын бири менен жашачу. Укук коргоо органдары кырсыктан кийин чогуу жашаган бала дайынсыз болуп жатканын билдиришкен.

Жакындарынын айтымында, Махмадкарим армияда эч качан кызмат өтөгөн эмес. Ошол эле маалда ага аскердик коммисариатка расмий чакыруу да келген эмес.

Кырсык Тажикстанда аскерге чакыруунун жазгы өнөктүгү уланып жаткан учурда катталды. Бул жолку өнөктүк буга чейинки жылдардагыдай эле "бийлик планды аткаруу үчүн бардык ыкмаларды колдонуп жатканы" тууралуу көптөгөн даттануулар менен коштолууда.

Бир нече жыл мурда Хоженттин 23 жаштагы тургуну "армияга күч менен алып кетүү үчүн келгендерден качып", төртүнчү кабаттан кулап түшкөн. Жыйынтыгында анын омурткасы сынган.

XS
SM
MD
LG