Ссылки доступа

Казакстан ТИМи Израилге же Иранга барууну пландаган жарандарына эч кандай сунуш бербейт


Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Израилге же Иранга барууну пландаган казак жарандарына эч кандай сунуш бербейт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Айбек Смадияров билдирди.

"Адам өз алдынча чечим чыгарышы керек деп эсептейбиз. Бир нече өлкөнүн аба мейкиндиги бир түнгө жабылганы – бардыгы токтоп калды дегенди билдирбейт. Каттамдар кайра жанданып, айрым гана компаниялардын учуулары токтоп турат", – деди Смадияров.

Анын айтымында, учурда Израилдин аймагында консулдук каттоого турбаган 100гө жакын казакстандык жүрүшү мүмкүн.

"Элчиликтин кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн кошуп эсептегенде, Израилде азыр консулдук каттоого турган Казакстандын 123 жараны бар. Такталбаган маалыматтар боюнча, бул өлкөдө ошондой эле консулдук каттоого турбаган дагы 100гө жакын казак жараны болушу мүмкүн", – деди Смадияров.

Ал Тель-Авив эл аралык аэропорту штаттык режимде иштеп жатканын жана казак жарандары Казакстандын консулу менен дайыма байланышта экенин кошумчалады. "Израилде калуу же чыгып кетүү чечимин казакстандыктар өз алдынча кабыл алышы керек", – деди Смадияров.

Казакстан ТИМинин маалыматына караганда, Иранда консулдук каттоого турган 104 казак жараны бар. Мындан тышкары өлкө аймагында казакстандык компаниялардын биринин 174 кызматкери вахталык режимде иштейт.

Күн мурун Казакстандын авиациялык администрациясы түзүлгөн оор саясий кырдаалга байланыштуу казак авиакомпанияларына Ирандын, Ирактын, Иорданиянын, Ливандын, Израилдин, Египеттин жана Сириянын аба мейкиндигинде учпоону сунуштаганы белгилүү болгон.

14-апрелге караган түнү Иран Израилге жүздөгөн ракеталарды жана учкучсуз учактарды учурган. Израилдин Коргоо күчтөрү алардын 99% атып түшүрүлгөнүн маалымдаган.

XS
SM
MD
LG