Милициядан буга чейинки маалыматтарды териштирүү уланып жатканын кошумчалашты.
Инстаграмда Нарында англис тили курсунан сабак берген мугалим бир топ жылдан бери окуучу кыздарга ыдык көрсөтүп келгенин баяндаган баракча ачылган. Бир топ кыздар мындай окуяга кабылганын айтып, өздөрүнүн башынан өткөргөндөрүн анонимдүү түрдө жазып жатышкан.
Коомчулукта ал мугалимди жоопко тартуу талабы айтылып, Нарын облустук ички иштер башкармалыгы фактыны териштире баштаган.