Ссылки доступа

Шавкат Мирзиёев расмий сапар менен Тажикстанга барат


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 18-19-апрель күндөрү расмий сапары менен Душанбеге барат. Бул тууралуу "Азия-Плюс" агенттиги Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) жана Өзбекстандын Душанбедеги элчилигине шилтеме кылып кабарлады.

Элчиликтин маалыматына караганда, Мирзиёев сапардын алкагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушуп, Өзбекстандын Тажикстандагы Маданият күндөрүнө катышат.

Айрым маалыматтар боюнча, Душанбе шаарында Мирзиёевдин катышуусу менен Өзбекстан элчилигинин жаңы имаратынын ачылыш аземи болот.

"Озоди" радиосу быйыл январда эле тажик өкмөтүнүн 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн түзүлгөн иш планына таянып, апрелде Шавкат Мирзиёев Душанбеге бара турганын кабарлаган.

Мирзиёев Душанбеде акыркы жолу 2023-жылы сентябрда болуп, Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин саммитине катышкан.

Тажикстан менен Өзбекстан акыркы 20 жылда мамилелердин татаал учурун башынан өткөрүштү. 2016-жылы күзүндө Шавкат Мирзиёев бийликке келгенде кырдаал өзгөргөн. Бирок эки өлкө тең акыркы жылдары оппозицияны куугунтуктоо, тынч нааразылык акцияларын күч менен басуу, журналисттер менен блоггерлерди камакка алуу үчүн сынга кабылып келишет.

XS
SM
MD
LG