Ссылки доступа

"Крокустагы" терактка айыпталган дагы эки киши камалганына каршы доо арыз жазды


"Крокус Сити Холлдун" концерттик залына кол салууга айыпталгандардын бири, тажик жараны Лутфулло Назримад камакка алуу чечимине каршы даттанды. Бул тууралуу ТАСС Москванын Басман сотуна шилтеме берүү менен билдирди.

"Сотко Лутфулло Назримаддан камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалганына каршы доо арыз түшкөн. Арызды кийинчерээк Москва шаардык соту карайт", — деди агенттиктин булагы. Арыз 15-апрелде түшкөн.

28-мартта Москванын Басман соту Назримадды эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Иштеги бардык башка айыпталуучулар сыяктуу эле, ал да Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин "Теракт" беренеси боюнча айыпталууда. Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкиндин айтымында, Назримад кол салгандарды каржылоо схемасына катышкан.

Мурдараак айрым орусиялык басылмалар Лутфулло чабуулдун эртеси, 23-мартта кармалганын жазышкан. Анда райондук сот аны коомдук тартипти бузгандыгы үчүн 15 суткага административдик камакка алуу чечимин чыгарган, бирок кийинчерээк ал "Крокустагы" терактка катыштыгы бар деп айыпталган.

Өткөн аптада "Озоди" радиосунун журналисттери Хатлон облусунун Пянж районуна барып, Лутфулло Назримаддын жакындары менен маектешүүнү көздөшкөн, бирок аларды таба алышкан эмес. Кошуналары Лутфулло мектепти артыкчылык диплому менен аяктап, былтыр Бохтардагы университетти бүтүрүп, Орусияга иштегени кеткенин айтып беришкен. Алар анын күнөөлүү экенине ишенишпейт.

Бир күн мурун бул ишке тиешеси бар деп айыпталган дагы бир адам - Мухаммадзоир Шарифзода аны камакка алуу боюнча Басман сотунун чечимине даттанганы белгилүү болду.

Буга чейин "Крокус Сити Холлдогу" теракт боюнча үч айыпталуучу – Аминжон, Диловар жана Исроил Исломов да камакка алынышына каршы апелляциялык арыз беришкен, бирок Москва шаардык соту алардын арызын канааттандырган эмес.

Буга чейин сот терактты түздөн-түз жасаган деп шектелген Тажикстандын төрт жаранын жана аны уюштурууга тиешеси бар деп шектелген дагы төрт адамды камакка алган.

"Крокус Ситидеги" кеминде 144 адамдын өмүрүн алган кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети-Хорасан" террордук уюму өз мойнуна алган. Кремль чабуулдун артында украин бийлиги турат деп эсептейт. Расмий Киев мындай дооматтарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG