Ссылки доступа

Камактагы казак журналисти Думан Мухаммедкарим ачкачылык жарыялады


"Экстремизмди каржылоо" айыбы менен Талдыкоргондогу тергөө абагында камакта отурган казакстандык журналист жана активист Думан Мухаммедкарим кайрадан ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу анын адвокаты Галым Нурпеисов билдирди.

"Мен Думан менен түрмөдө 13-апрелде жолугуп келдим. Ал тергөөнүн жана соттук териштирүүлөрдүн кечиктирилип жатканына нааразылык катары ошол күндөн тарта ачкачылык жарыялады. Административдик камактарды кошуп эсептегенде ал бир жылдан ашык убакыттан бери камакта отурат. Эки айдан кийин аны негизги иш боюнча камакка алгандарына туура бир жыл болот. Сот болсо дале уланууда", – деди Нурпеисов.

Мухаммедкарим буга чейин да укуктары бузулуп жатканына нааразылык билдирип, бир нече жолу абакта ачкачылык жарыялаган. Адвокатынын айтымында, мындай акциялардын айрымдары активист койгон талаптардын аткарылышы менен аяктаса, башкалары анын саламаттыгына байланыштуу аяктаган. Учурда Мухаммедкарим тамак-аштан баш тартып, суу гана ичип жатканы айтылды.

Талдыкоргондогу тергөө абагынан бул боюнча активисттин жакындарына же адвокатына гана маалымат бере алышарын билдиришти. Ошол эле маалда камактагы активисттин абалы "канааттандыраарлык экенин жана ал медиктердин көзөмөлүндө болуп жатканын" кошумчалашты.

46 жаштагы журналист, жарандык активист жана Ne Deydi YouTube-каналынын автору Думан Мухамметкаримдин иши боюнча сот процесси 12-февралда башталып, отурумдар жабык өтүүдө. Ага "Тыюу салынган уюмдун ишине аралашуу" жана "Экстремизмди каржылоо" беренелери боюнча айып тагылган. Буга журналисттин бозгундагы банкир Мухтар Аблязовдон алган маеги себеп болгон. Адвокаттын айтымында, видеодо Аблязовдун адвокаты үчүн акча топтолуп жаткан эсептер көрсөтүлгөн.

Мухаммедкарим айыптоолорду четке кагып, тергөөнүн жана соттун жүрүшүндө укуктары бузулганын билдирип келет. Казакстандык укук коргоочулар аны өздөрү түзгөн "саясий туткундардын" тизмесине ккиргизишкен. Эгер журналист тагылган айыптар боюнча күнөөлүү деп табылса тогуз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG