Ссылки доступа

Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан Камбар-Ата-1 ГЭСин биргелешип куруу боюнча макулдашууга кол коюшат


Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Казакстандын өкмөттөрү Нарын дарыясына Камбар-Ата ГЭСин куруу боюнча макулдашууга кол коюшат. Бул тууралуу Казакстандын Энергетика министрлиги талкуу үчүн жарыялаган өкмөттөр аралык келишимдин долбоорунда жазылган.

Макулдашууда ГЭСти куруу жана аны пайдалануу долбоорун ишке ашыруудагы тараптардын кызматташтык шарттарын аныктоо пландалууда.

Документке ылайык, "долбоорду ишке ашыруунун алкагындагы тараптардын кызматташуусунун негизги принциптери – тараптар аныктаган уюмдардын Камбар-Ата-1 ГЭСинде өндүрүлгөн электр энергиянын толук көлөмдө сатып алуусу болуп эсептелет".

Тараптар чечимдерди өз ара мунасанын негизинде кабыл алып, ГЭСти башкарышат.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстандын аймагында акционердик коом түзүлөт. Анда Кыргызстандын үлүшү 34%, Казакстан менен Өзбекстандыкы 33 пайыздан болот. Тараптар түзүлгөн компаниянын ишмердүүлүгүн биргелешип башкаруу принциптерин негиздөө документтеринде макулдашат. Компаниянын түзүүчүсүн тараптар өз алдынча аныктайт. Тараптардын үлүштөрү өзгөрүүсүз калып, аларды бириктирүүгө, башкаларга берүүгө же сатууга мүмкүндүгү жокко чыгарылат.

Долбоорду каржылоонун негизги булагы компаниянын түзүүчүлөрүнүн жеке каражаттары, ошондой эле эл аралык каржы институттары менен банктардын насыялары жана гранттары болору кабарланууда.

Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү аяктагандан кийин Камбар-Ата-1 ГЭСинин ациялары менен активдери толугу менен Кыргызстандын менчигине өтөт. Макулдашууга Бишкекте кол коюлат деп пландалууда.

Былтыр январда Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын энергетика министрлери Бишкекте Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруунун жол картасына кол коюшкан.

Кыргыз бийлиги Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга болжол менен 2 миллиард 916 миллион доллар кетерин маалымдаган. Курулуш алты этаптан турат. Энергетикалык эксперттер долбоордун наркы 4-5 миллиард долларга чейин жетет деп эсептешет.

ГЭСтин өзүн куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалууда. ГЭС курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөт.

XS
SM
MD
LG