Маалыматка ылайык, Өзбекстандын эки жараны Стамбулдун Фатих районуна иштегени келишкен. 9-апрелде эркектердин бири тапанча кармаган видеосун Instagram социалдык тармагына ифтар маалында жарыялоону чечкен.
Бул учурда анын 22 жаштагы чогуу жашаган досу ошол тапанча менен аны башка аткан. Эркек ошол жерден каза болгон.
Полиция Өзбекстан жаранын кармады. Ал өз көрсөтмөсүндө тапанча октолгонун билбей, кокустан досун атып алганын айткан.
Учурда маркумдун сөөгүн мекенине жөнөтүү иштери жүрүп жатат.