Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, аталган кызматтын өзүнө УКМКдан кат келген. Анда TикТоктун кыргыз сегментинде, өзгөчө балдар үчүн контент жаратууда, иргөө, ырааттуу жана принципиалдуу мамиле болбой жатканы айтылган.
Аткаминерлер “Балдардын ден соолугуна, алардын физикалык, руханий жана нравалык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнү болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” мыйзамга шилтеме жасашууда.
Былтыр 30-августта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда ТикТокту колдонууга тыюу салган чечим кабыл алган. Мекеме буга соңку учурда бул социалдык тармак балдардын психикалык өнүгүүсүнө, саламаттыгына терс таасир тийгизип жатканына кабатырланган кайрылуулар көбөйгөнүн негиз кылган. Бул чечимди ишке ашыруу үчүн Санарип өнүктүрүү министрлигине кат жөнөтүлгөнүн кошумчалаган.
Министрликтин мындай чечими социалдык тармактарда кызуу талкууланып, аны "сөз эркиндигин чектөө" деп баалагандар да болгон.
Бул чечимден кийин TикТок платформасынын бийлик органдары менен байланыш жана корпоративдик маселелер боюнча Борбор Азия жана Чыгыш Европадагы директору Сергей Соколов кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргызстанга келген.