Ссылки доступа

Тажикстанда жубайларды өз үйүндө өлтүрүп кетишти


17-апрелге караган түнү Тажикстандын Канибадам шаарына караштуу Гафуржон Ортиков жамаатында жашаган жубайларды өз үйүндө өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу "Озоди" радиосу кабарлады.

Маалыматты радионун Канибадам шаардык акимчилигиндеги булагы ырастады. "Жубайлар Гафуржон Ортиков жамаатынын "Вокзал" маалесинде жашачу. Азырынча аларды эмне себептен өлтүрүшкөнү белгисиз. Ишти жергиликтүү укук коргоо органдары иликтеп жатышат", – деди булак.

Канибадам шаары жайгашкан Согд облусунун жергиликтүү ички иштер башкармалыгы бул иш боюнча тергөө иштери уланып жатканын билдирди.

"Мындай окуя болгонун ырастайбыз. Жубайлардын денесинде зомбулук менен өлтүрүүнүн белгилери бар. Окуяны прокуратура тергеп жатат. Тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук кылбоо үчүн башка маалымат бере албайбыз", – деди мекеменин өкүлү.

Билдирүүлөрдө өлтүрүлгөн жубайлардын аты-жөнү айтылган жок.

XS
SM
MD
LG