Сапардын алкагында эки өлкөнүн президенттери жолугуп, өз ара кызыгуу жараткан бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле кыргыз-казак мамилелеринин өнүгүү келечегин талкуулашат.
Садыр Жапаров мындан тышкары Кыргызстан менен Казакстандын Жогорку Мамлекеттер аралык кеңешинин алтынчы жыйынына жана "Манас" эпосунун каармандарынын Астанадагы эстелигинин ачылышына катышат.
"Сапарга карата "Кыргызстан – Казакстан" бизнес-форуму, аксакалдардын жана чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрүнүн тегерек үстөлү, кыргыз-казак жаштар форуму жана илимпоздордун "Кыргызстан менен Казакстандын актуалдуу маселелерин чечүүдө илимди өнүктүрүү келечеги" форуму сыяктуу бир катар иш-чаралар белгиленген", – деп кошумчалады Азымбакиев.