Ссылки доступа

НАТОнун адистери Өзбекстанда курсанттарды окутууда


НАТОнун адистери Өзбекстандын Коргоо министрлигине караштуу Жаш адистерди даярдоо борборунун курсанттары үчүн тренингдерди өткөрүүдө. Бул тууралуу өзбек Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, НАТОнун адистери аталган борбордун ишмердүүлүгү, окуу-материалдык базасы жана дарсканаларда түзүлгөн шарттары менен таанышып чыгышты.

"Андан соң борбордо окуган курсанттар үчүн НАТОго мүчө өлкөлөрдөгү сержанттарды даярдоо ыкмалары боюнча бир катар тренингдер уюштурулуп, бул тема боюнча өз ара пикир алмашуу болду. Биргелешкен окуулар 20-апрелге чейин уланат", – деп жазылган Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө.

Өзбекстан НАТО менен аскердик кадрларды даярдоого, ошондой эле терроризмге жана башка эл аралык коркунучтарга каршы күрөшүүгө багытталган "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" аттуу программанын алкагында кызматташууда. Тараптар 1996-жылы жеке өнөктөштүктүн алгачкы программасын бекитишкен.

XS
SM
MD
LG