Ссылки доступа

Душанбедеги орус драма театрынын жаңы имараты Орусиянын каражатына курулат


Душанбе шаарындагы Маяковский атындагы орус драма театрынын жаңы имараты Орусиянын каражатына курулат. Тиешелүү макулдашууну тажик парламентинин төмөнкү палатасы 11-апрелде ратификациялаган.

Депутаттардын алдынды сүйлөгөн Тажикстандын маданият министринин орун басары Манучехр Шарифзода театрдын жаңы имаратынын курулушу үчүн Душанбе бийлиги Маяковский көчөсүнөн бир гектар жер бөлгөнүн билдирди.

Анын айтымында, жаңы театр имаратынын курулушу үчүн кете турган чыгымдарды Орусия толук өзүнө алды. Ошол эле маалда ал долбоордун суммасы канча болорун жана курулуш иштери качан башталарын айткан жок.

Маяковский атындагы орус драма театрынын Душанбенин борбордук бөлүгүндөгү имараты 2016-жылы түрттүрүлүп, чыгармачыл жамаат убактылуу башка имаратка жайгаштырылган. Кезинде 1928-жылы курулган имаратта Тажикстан үчүн тарыхый окуялардын бири болгон. 1929-жылы анда борбордогу депутаттардын алгачкы съезди өтүп, Тажик ССРи түзүлгөнү жарыяланган. Бирок имаратты бул тарыхый факты да сактап кала алган эмес.

XS
SM
MD
LG