Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси ("Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү") менен кылмыш иши козголгон. Иликтөө учурунда ал Кыргызстанга чек арадагы жашыруун туннел аркылуу өткөнү, ал туннелден адамдар жана товарлар мыйзамсыз түрдө ташылып турганы аныкталган.
12-апрелде Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну - 29 жаштагы К. Х. Өзбекстандын жарандарын жашыруун туннел аркылуу чек арадан өткөрүп турган деп шектелип кармалган.
20-21-мартта Сузак районунун Бек-Абад айылында Өзбекстандын аймагына өтүү үчүн жер астында казылган эки туннел табылган.