Ссылки доступа

АКШ Сенаты Украинага $60 млрд. жардам берүү пакетин жактырды


АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Украинага жардам берүүнүн жаңы пакети тууралуу мыйзам долбоорун жарыялады. Анда Киевге 60 миллиард доллардан ашык каражат, алыска учуучу ATACMS ракеталарын берүү жана насыя системасына өтүү каралган.

ATACMS 300 чакырым алыстыктагы объектилерди бутага алууга жөндөмдүү. Киев буга чейин АКШдан дал ушундай аралыкка уча турган ракеталарды берүүнү өтүнүп келген. Документке ылайык, эгер президент мындай ракеталарды берүү АКШнын улуттук коопсуздук кызыкчылыктарына зыян келтирет деп эсептесе, аларды берүүнү кийинкиге калтырып коё алат.

Жо Байден мыйзам долбоорун колдоп, Конгресс депутаттарын аны болушунча тез арада кабыл алууга чакырды.

Өкүлдөр палатасында мыйзам долбооруна добуш берүү 20-апрелге дайындалды. Жардам пакети үч бөлүккө бөлүнгөн: Украинаны, Израилди жана Тайванды колдоо болуп. Ар бир пакет боюнча добуш берүү өз-өзүнчө өтөт деп күтүлүүдө.

Документте пакеттеги 60 миллиард доллардын 23 миллиарга жакыны АКШнын курал-жарак арсеналдарын толуктоого жумшалары жазылган. Дагы 11 миллиард доллардан ашык каражатты АКШнын аймактагы аскердик операцияларына багыттоо пландалууда. Дагы 26 миллион доллар Украинага берилген жардамды көзөмөлдөөгө жумшалат.

Мыйзам долбоору кабыл алынса Ак үй бир жарым айдын ичинде Конгресске Украинаны колдоонун узак мөөнөттүү стратегиясын даярдап берип, эки айдын ичинде көрсөтүлгөн жардамды кайра кайтаруу боюнча Киев менен келишим түзүшү керек болот. Президент карыздын жарымына чейинки сумманы кече алат, бирок мындай чечимди 2024-жылдын 15-ноябрына чейин гана кабыл алууга мүмкүн.

Жардамдын кийинки пакеттеринде Израилге 25 миллиард доллар, Тайванга 8 миллиард доллар колдоо көрсөтүү каралган.

17-апрелде Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсон талкууга чек аралардын коопсуздугу тууралуу өзүнчө мыйзам долбоору чыгарыларын билдирген. Палата ал боюнча 20-апрель күнү кечинде добуш берет. Ага чейин мыйзам долбоорун талкуулап, зарыл болсо өзгөртүүлөрдү киргизүүгө убакыт берилет.

2023-жылы октябрда орус басылмалары Украинанын армиясы жашыруун түрдө ATACMS ракетасынын 165 чакырымга чейин уча ала турган үлгүсүн алганын жазып чыгышкан. Анда Орусиянын бийлиги Украина ал ракеталарды Запорожье облусунун оккупацияланган аймактарына сокку уруу үчүн колдонгонун билдирген.

АКШнын Конгресси демократтар менен республикачылардын ортосундагы пикир келишпестиктерден улам 2023-жылдын күзүнөн бери Украинага жардам көрсөтүү пакетин жактыра албай келет. Киевге бериле турган сумма 95 миллиард доллар өлчөмүндө АКШнын улуттук коопсуздугу тууралуу жалпы мыйзам долбооруна кирген. Республикачылар документте чек араларды коргоо чаралары жок болгондуктан, аны кабыл алуудан баш тартышкан.

XS
SM
MD
LG