Ссылки доступа

Өзбекстанда аттракциондун чынжыры үзүлүп, төрт киши жабыркады


16-апрелде Термез шаардык акимчилигинин алдындагы оюн-зоок паркында чынжыр үзүлүп кетип, төрт адам, анын ичинде эки бала жабыркаган.

Бул тууралуу Өзбекстандын Өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 16-апрелде Термез шаарында жайгашкан "Болажон" оюн-зоок паркындагы аттракциондун отургучу сынып, жерге кулап түшкөн. Натыйжада төрт адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан.

"Атракцион сезон алдында толук кароодон өткөн эмес. Сезон башталганга чейин ал уруксаты жок пайдаланылган", - деп айтылат маалыматта.

11 жана 15 жаштагы эки кыз, ошондой эле 27 жана 29 жаштагы эки келин жаракат алган. Алардын экөө Казакстандын жараны.

Жабырлануучулар ооруканага жеткирилген.

XS
SM
MD
LG