Ссылки доступа

АКШ өзбек бажычыларына текшерүү техникаларын берди


АКШ Өзбекстандын Мамлекеттик бажы комитетине СТ-40  үлгүсүндөгү текшерүү системасынан 50 даана берди.

Маалыматка караганда, жабдуулар Өзбекстандын Бажы комитетинин төрагасы Акмалхужи Мавлонов менен АКШнын Өзбекстандагы элчиси Жонатан Хеник баштаган делегация мүчөлөрүнүн жолугушуусунда тапшырылды.

Жолугушууда элчи Хеник белекке берилген техника чек ара коопсуздугун жана кызмат көрсөтүүнү жакшыртууга жардам берерин баса белгиледи. Өзбек бажычыларына берилген жабдыктардын баасы канча экени айтылган жок.

Быйыл 18-19-апрелде Бажы комитетинин кызматкерлери үчүн СТ-40 текшерүү комплексин натыйжалуу пайдалануу боюнча окуу курсун өткөрүү пландалган.

Буга чейин АКШ Өзбекстандын чек ара аскерлерине жалпы баасы 600 миң долларды түзгөн 225 даана FLIR инфракызыл монокулярдык тепловизорлорду бергени маалымдалган.

XS
SM
MD
LG