Тизмеге Чымкенттен жарандык активист Калима Жапарова, Көкчетау шаарынан коомдук ишмер Малик Ахметкалиев жана Алматыдан ишкер жана активист Асылбек Жамуратов киргизилди. Топтун билдирүүсүн “Ар.Рух.Хак” фондунун жетекчиси Бахытжан Төрегожина Facebook баракчасына жарыялады.
Калима Жапарова Орусиянын Украинадагы оккупациясын ачык айыптап чыккан. Билдирүүдө айтылгандай, ал "Украина менен Крымдагы орус фашисттерине өлүм" деген сөздөн улам айыпталууда. Эксперттик кеңеш пенсионердин бул сөзүн улуттук кастыкты козутуу катары кароо болбой турганын, анткени "фашисттер" термини колдонулуп келерин жана башкалар үчүн реалдуу коркунуч жоктугун белгилеген.
Жапарова былтыр 23-октябрда кармалып, "Социалдык, улуттук, уруулук, расалык, таптык же диний кастыкты козутуу" беренеси боюнча айыпталууда. Быйыл 27-мартта кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн.
Малик Ахметкалиев Акмоло облусунда жергиликтүү бийликтин ишин сынга алып келген. Ал 21-июнда маңзат менен кармалганы кабарланган.
Алматылык ишкер жана активист Асылбек Жамуратов 2023-жылы 30-ноябрда кармалган. Ал “Экстремисттик ишмердүүлүктү каржылоо” жана “Тыюу салынган уюмдун ишине катышуу” беренелери боюнча айыпталууда. Активист “Алга, Казакстан!” оппозициялык партиясын каттоодон өткөрүү үчүн арыз тапшыргандардын бири. 2022-жылдан бери өлкө аймагындагы активисттерге материалдык жардам берип келген.
Казак саясий туткундарынын тизмеси биринчи жолу 2013-жылы жарыяланган. Ошондон бери ал бир нече жолу толукталып, кеңейтилген. Астана саясий туткундардын бар экенин четке кагып келет.