Буга чейин анонимдүү telegram-каналга Астананын мектептеринде жапырт ок атуу пландалып жатканы жөнүндө билдирүү жарыяланган. Анын автору "кол салуунун датасын 19-апрелге белгилегенин" жана "мектептерге кирип, балдарды өлтүрүүгө даяр экенин" жазган. Билдирүүсүнө ал куралдын сүрөтүн тиркеген.
Астана шаардык полиция департаменти тиешелүү органдар билим берүү мекемелерин текшерип чыгышканын, "билим берүү мекемелериндеги теракт коркунучу тууралуу" мессенжерлердеги билдирүүлөр чындыкка дал келбей турганын билдирди. Мекемеден тургундарды дүбөлөңгө түшпөөгө жана расмий маалыматтарга гана ишенүүгө чакырып, атайылап жалган маалымат таратуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар экенин эскертишти.
Быйыл февралда Караганда шаарында мектептерге кол салуу даярдалып жатканы жөнүндө билдирүү тараткан деген шек менен өспүрүм кармалган. Полиция ал жогорудагы мазмундагы билдирүүнү тараткандан тышкары курал-жарактын жана Карагандадагы айрым мектептердин сүрөттөрү жарыяланган telegram-каналдын администратору болгонун билдирген.