Анын айтымында, 15 жүк унаасына жүктөлгөн жардам президент Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен даярдалган. Жардам кербенин Казакстанга президенттин кеңешчиси Турсинхан Худайбергенов баштаган жумушчу топ коштоп барат.
Маалыматка караганда, гуманитардык жардамдын курамында азык-түлүк, кийим-кече, гигиеналык каражаттар, матрац, жеңил жууркан (одеяло), жаздык, чатыр, желим кайыктардын топтому өңдүү зарыл нерселер бар.
"Газета.uz" басылмасы өз булактарына таянып кабарлагандай, Казакстанга жөнөтүлгөн 100 тонна жардамдын жалпы баасы 10 миллиард сумду түзөт.