Ссылки доступа

Өзбекстандын Түркиядагы консулдугу өзбек жарандарын шылуундардан сак болууга чакырды


Өзбекстандын Түркиядагы Башкы консулдугу бул өлкөдө жүргөн өзбек жарандарын шылуундардан сак болууга чакырды.

Дипломатиялык мекеменин маалыматына караганда, учурда Түркияда алдамчылыктын эки түрдү кеңири жайылган:

  • Интернет аркылуу берилген буйрутмаларды жокко чыгаргандан кийин өзүн юрист катары тааныштырып, жеткирүү үчүн кеткен чыгымды өндүрүп алуу;
  • Телефон чалып, өзүн полиция кызматкери катары тааныштырып, жарандын эсебинен чет өлкөлүк кылмышкерге же террордук топко акча которулганын айтып, аларды колго түшүрүү үчүн жаңы эсепке акча которууну өтүнүү.

Белгилүү болгондой, мындай шылуундар жарандардын маалыматтарына жетип, алдамчылыктын психологиялык жолдорун жана ынандыруу ыкмасын пайдалануу менен ал маалыматтарды жарандын өзүнө каршы колдонушат.

"Жарандарыбызга онлайн берилген буйрутмаларды жокко чыгарууда телефон аркылуу байланышып, өзүн юрист же полиция кызматкери деп тааныштырган адамдарга маалыматтарды бербестен, товарды көрсөтүлгөн тартипте кайтарып берүүнү сунуштайбыз. Мындай учурлар болсо, алардан тиешелүү мекемеге белгиленген тартип боюнча чакырууну талап кылуу зарыл", – деп жазылган консулдуктун билдирүүсүндө.

XS
SM
MD
LG