Ссылки доступа

Ош облусунда селден улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди


Ош облусунун төрт районунда селдин кесепетинен өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Мындай чечим 21-апрелде президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев баштаган штабдын чукул жыйынында кабыл алынды.

Маалыматка караганда, облуска өзгөчө кырдаал киргизүү сунушун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Замир Эрмаматов киргизип, ыйгарым укуктуу өкүл колдоду.

20-апрелде Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Кара-Суу райондорунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүргөн.

Кара-Кулжа районунун Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу автоунаа жолунда сел автоунааны агызып, бир адам каза болгон. Унаанын ичиндеги дагы үч жүргүнчүнү жергиликтүү тургундар куткарып калышкан.

ӨКМ селдин кесепеттерин жоюу иштери уланып жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG