Басылманын макаласында АКШда мыйзам долбоору жактырылгандан кийин Украинага курал-жарак жөнөтүү үчүн Пентагонго бир жумадан аз гана убакыт талап кылынары белгиленген.
Буга чейин АКШ Сенатынын чалгын комитетинин башчысы Марк Уорнер да ушундай эле пикирин билдирген. Ал жекшемби күнү CBS телеканалына берген маегинде 300 чакырым аралыкка учууга жөндөмдүү ATACMS ракеталары президент Жо Байден мыйзамга кол койгон жумада эле Украинага жеткирилерин айткан. Байден аталган мыйзам долбооруна шейшемби же шаршемби күнү кол коёт деп күтүлүүдө.
Америкалык басылмалар белгилегендей, Пентагон Украинага аскердик жардамдын чоң партиясын алдын ала даярдап койгон, ошондуктан мыйзам күчүнө киргенден кийин курал-жаракты украин армиясына жеткирүүгө бир жумага жетпеген гана убакыт талап кылынат.
20-апрелде АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Украинага 60 миллиард 800 миллион доллар өлчөмүндө аскердик жардам берүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырган.
Талдоочулардын пикиринде, алыс аралыкка уча турган ATACMS тактикалык ракеталары фронттогу күчтөрдүн балансын өзгөртүүгө жөндөмдүү. Америкалык Atlantic Council талдоо агенттигинин илимий кызматкери Питер Дикинсон ATACMS ракеталары Украинага Орусия оккупациялап алган бардык аймактарындагы объектилерди бутага алууга мүмкүндүк берет деп эсептейт. Башка талдоочулардын айтымында, ATACMS аэродромдордогу учактарга, абадан коргонуу системаларына, мунайды кайра иштетүүчү заводдорго жана логистикалык борборлорго сокку уруу үчүн өзгөчө натыйжалуу курал болуп эсептелет.
Украинанын президенти Владимир Зеленский NBC телеканалына берген маегинде бүгүнкү күндө Киевге алыс аралыкка уча турган ракеталар менен абадан коргонуу системалары керек экенин айтып, буларды алгандан кийин украин күчтөрүндө фронтто демилгени өз колуна алууга мүмкүнчүлүк жараларын белгилеген.
Былтыр октябрда орус басылмалары украин армиясы ATACMS ракетасынын 165 чакырым аралыкка чейин уча турган үлгүсүн жашыруун түрдө алганын маалымдашкан. Анда Орусиянын бийлиги ал ракетаны Украина оккупацияланган Запорожье облусуна сокку уруу үчүн колдонгонун билдирген.
Быйыл 17-апрелде Украинанын куралдуу күчтөрү аннексияланган Крымдагы Жанкое аскердик аэродромуна сокку урган. Орусиянын аскердик блогерлери ал сокку америкалык ATACMS ракеталары менен жасалганын жазып чыгышкан.