Иш-чарада эки өлкөнүн аскердик контингенттери мамлекеттик чек араны кесип өттү делген террористтик топторду жок кылуу боюнча машыгууларды өткөрүштү.
Орусиянын Коргоо министрлиги машыгуунун видеосун өз сайтында жарыялады.
Тажикстандын “ИМ-Хорасан” тобу жашынып жүргөн Ооганстан менен узун чек арасы бар. Дал ушул топ Москванын жанындагы “Крокус” концерттик залында 144 адамдын өмүрүн алган теракт үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган.
Биргелешкен операцияда эки өлкөнүн күчтөрү заманбап согуштарда кеңири колдонулган чабуул тик учактарынан тарта чакан камикадзе-дрондорго чейинки түрдүү курал жана ок-дарыларды колдонушту.