"Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан аркы өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү куруунун келечегин талкуулашат. Муну менен катар Мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйынын өткөрүү пландаштырылууда. Анын жыйынтыгы боюнча Президенттердин Биргелешкен декларациясына, ошондой эле соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар макулдашууларга кол коюлат", – деп белгиледи Азымбакиев.
Кыргыз президенти Баку шаарына былтыр 24-ноябрда да барып, Азербайжандын лидери Илхам Алиев менен жолугушкан.
Андан бир ай мурда Азербайжандын президенти Илхам Алиев Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) саммитине катышуу үчүн Бишкек шаарына келип кеткен.