Ссылки доступа

Бишимбаевдин иши: Ишкер Раимбек Баталов Нукенова менен мамиледе болбогонун билдирди


Раимбек Баталов
Раимбек Баталов

Казакстандык ишкер, улуттук ишкерлер палатасынын башкармалыгынын төрагасы Раимбек Баталов жарандык никедеги аялын өлтүрүүгө айыпталып жаткан мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевдин сотто айткандарын четке какты.

Ал Instagram'га жарыялаган видеокайрылуусунда Бишимбаев айткандай анын аялы Салтанат Нукенова менен сүйүү мамилеси болбогонун билдирди.

"Акырына чейин Бишимбаевдин соту боюнча эч кандай комментарий берүүнү каалабай тургам. Бирок анын мени жаманатты кылган сөздөрүнөн кийин билдирүү жасоого аргасыз болуп жатам. Айыпталуучунун менин дарегиме айткан соттогу билдирүүлөрү сандырактык. Анын жалган сөздөрүнө ишенбөөгө чакырам", – деди Баталов.

Ал Нукенованын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, туугандары жакын адамын жоготкондон кийин "анын ар-намысын коргоого" аргасыз болуп жатканын белгиледи.

22-апрелде Астанада өтүп жаткан сот процессинде Куандык Бишимбаевдин телефонундагы материалдар карала баштаган. Буга чейин ал телефонунун сыр сөзүн айтуудан баш тартып келген. Сыр сөз судья Айжан Кулбаевага берилгенден кийин Нукенова каза болгон 9-ноябрда тартылган видео көрүлдү. Анда Бишимбаев уят сөздөрдү колдонуп, аялынан Раимбек Баталов менен мамилеси болгон-болбогонун сурап жатканы тартылган.

Бишимбаевдин телефонундагы видеону көрүү учурунда Нукенованын агасы Айтбек Амангелди көзүнө жаш алып, анын жакындарынын бирине тез жардам кызматы чакырылды.

Бишимбаев сотто алгач бул видеону кимдир-бирөө монтаждап, телефонуна жүктөп койгонун айткан. Бирок кийин видеону 9-ноябрда өзү тартканын мойнуна алып, бул ага чейин сөгүнүп, анын белектерин ыргытып жиберген аялынын "кемсинткен мамилесине" жооп болгонун билдирди.

Бишимбаев аялын өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөнүн жана кыйнаганын четке кагууда.

Бул иш боюнча Бишимбаевдин тууганы Бахытжан Байжанов да айыпталууда. Ал Нукенова өлтүрүлгөн ресторанга ээлик кылган компаниянын директору. Байжанов кылмыш тууралуу кабар берген эмес жана кылмышты жашырган деп айыпталып жатат.

Нукенованын өлүмү боюнча сот марттын аягында башталган. Отурумдар Жогорку соттун youtube-каналында түз эфирде көрсөтүлүүдө. Соттук териштирүүгө Казакстанда жана башка өлкөлөрдө жүз миңдеген колдонуучулар көз салууда.

XS
SM
MD
LG