Ссылки доступа

Тажикстанда туркомпанияларга Сарытаг аймагына турларды уюштурбоо сунушталды


Тажик бийлиги бубон тумоосунун пайда болуу коркунучу жогору экенин эскертип, туристтик компанияларды өлкөнүн кооз жерлеринин бири эсептелген Сарытаг аймагына турларды уюштурбоого чакырды. Бул тууралуу "Озоди" радиосу кабарлады.

Редакция Туризмди өнүктүрүү комитетинин 28-мартта туркомпанияларга жөнөтүлгөн тиешелүү мазмундагы каты менен таанышып чыккан. Анда өткөн кылымда Айни районундагы Сарытаг аймагында бубон тумоосу жайылып, 250 адамдын өмүрүн алганы, анын ичинде бейтаптарды караган дарыгерлер менен медайымдар да болгону жазылган.

Бул учурдан кийин Тажикстанда бубон тумоосун жуктурган учурлар катталган эмес.

Бубон тумоосу адамга ылаңдаган бүргө чакканда, ылаңдаган ткандар менен түздөн-түз байланышта болгондо жана аба аркылуу жугат.

Комитеттин бул эскертүүсү өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин корутундусуна жана инфекциянын жашыруун булактарынан оорунун чыгышына алып келиши мүмкүн болгон климаттык шарттардын өзгөрүшүнө негизделген.

Министрликтин маалыматына караганда, Тажикстанда бул инфекциянын эки жашыруун булагы бар: биринчиси Айни районунун Сарытаг аймагында, экинчиси Жергетал районундагы Лахш айылында. Бул жерлерде жыл сайын эпидемияга каршы тиешелүү иштер жүргүзүлүп турат.

XS
SM
MD
LG