Ссылки доступа

Тажикстан: сел жана жер көчкү коркунучунан улам айрым аймактардын жашоочулары коопсуз жерге көчүрүлүүдө

Тажикстандын Хуросон району. 2020-жыл
Тажикстандын Хуросон району. 2020-жыл

Тажикстанда сел жана жер көчкү коркунучунан улам 10 миңдеген үй-бүлө коопсуз жерге көчүүгө кезекте турат. Алардын көбү өлкөнүн түштүк аймактарында жашайт.

Хатлон облусундагы Хуросон районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Муродбек Муродов Эгемендиктин 30 жылдыгы атындагы айылда 67 жаңы үй курулуп, кооптуу аймакта жайгашкан Нъематулло Асадулло айылынан 900 адам көчүрүлүп келгенин билдирди.

Бийлик өлкөдө адамдардын жашоосу үчүн кооптуу болгон дагы жүздөн ашык жер бар экенин билдирүүдө.

Расмий маалыматтарга ылайык, Тажикстанда 2000-2017-жылдардын аралыгында 45 миң киши коопсуз райондорго көчүрүлүп, алар үчүн жаңы үйлөр курулуп берилген.

Өлкөдө 2023-жылы эле 550дөн ашык жаратылыш кырсыгы катталып, 51 адамдын өмүрүн алган. Климаттын өзгөрүшү тууралуу БУУнун акыркы баяндамасында Тажикстан климаттын өзгөрүшү процессинде дүйнөдөгү эң аярлуу өлкөлөрдүн бири деп аталган.

Дүйнөлүк банктын эсебине ылайык, 1992-жылдан 2016-жылга чейин Тажикстандагы жаратылыш кырсыктары келтирген экономикалык чыгымдын көлөмү 1,8 миллиард доллардан ашкан.

XS
SM
MD
LG