Маалыматта айтылгандай, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Президенттин администрациясына кызматтык кат жолдоп, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы лицензиялоо маселелери боюнча комиссиянын ишмердигине прокуратуранын айрым кызматкерлери кийлигишип жатканын жазган.
Президенттин тапшырмасы менен түзүлгөн комиссия кийлигишүү аракеттери тууралуу маалыматтарды изилдеп чыгып, андагы фактылар тастыкталганын билдирген.
Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров өзүнө баш ийген кызматкерлерге жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн Зулушев менен Тургунбаевге сөгүш жарыялады.
Мамлекет башчы мындан сырткары башкы прокурор Курманкул Зулушевге башкы прокурордун орун басары Кубан Адыл уулун кызматтан бошотуу боюнча сунуштама берүүнү тапшырды. Президент ошондой эле ага Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыктын башчысы М.Э.Майтпасовго жана Ишкерлердин укуктарын коргоо жана экология тармагындагы мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча башкармалыктын башчысы А.М.Аликуловго сөгүш жарыялап, аларды кызматтан которуу тапшырмасын берди.
Маселени изилдеген комиссиянын курамына президенттин жана Министрлер кабинетинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов, президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Азамат Осмонов, соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Сулайманкулов жана президенттин жардамчысы Азамат Апсатаров кирген.