Ссылки доступа

"Группа 24" кыймылынын Италияда кармалган активисттери бошотулду


Тажикстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Группа 24" оппозициялык кыймылынын Италияда кармалган сегиз активисти 24-апрель күнү кечинде бошотулду.

Алар 23-апрелде тажик президенти Эмомали Рахмондун Италияга сапарына каршы акция өткөрүү үчүн Европанын башка шаарларынан Римге барганда кармалган.

"Группа 24" кыймылынын маалыматына караганда, активисттер тажик бийлигинин өтүнүчү менен кармалган. Бирок текшерүү маалында алар эч кандай мыйзам бузбаганы аныкталып, бошотулган.

Журналисттер бул боюнча Италия полициясынан да, Тажикстандын бийлигинен да комментарий ала алышкан эмес.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Италияга расмий сапары менен 22-апрелде барган. Күн мурун ал Италиянын президенти жана премьер-министри менен жолугуп, жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосунда бир нече документке, анын ичинде коопсуздук тармагында кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлду.

Италиянын басылмалары тажик президенти 26-апрелде Ватиканга барарын кабарлашты.

Ал арада "Группа 24" кыймылы бошотулган активисттер Италияда башка акция өткөрбөй турганын, бүгүн бул өлкөдөн чыгып кетишерин билдирди.

Тажик оппозициясынын өкүлдөрү 22-апрелде Литвада акция өткөрүп, Италияны жана Европанын башка өлкөлөрүн Тажикстандын президенти өңдүү авторитардык лидерлерди кабыл албоого чакырышкан.

XS
SM
MD
LG