Токаевдин билдирүүсү өлкөнүн ондогон калктуу конушун сырткы дүйнө менен байланышсыз калтырып, 100 миңден ашык кишини коопсуз жайларга көчүүгө аргасыз кылган суу ташкындарынын фонунда жасалды.
"Бийлик өлкөнүн тынчтыгын жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн катаал чараларды көрөт. Кандай гана бузукулук жана чайкоочулук аракеттер болбосун, коомчулуктун катуу сынына жана укук коргоо органдарынын тиешелүү реакциясына туш болот. Биздин коомдуу бөлүп-жарууга багытталган бардык аракеттер дароо токтотулушу керек. Жарандардын башкалардын маалыматтык согушуна, жек көрүү пропагандасына аралашуусу коомдогу туруктуулук үчүн олуттуу тобокелдиктерди жаратат", – деди президент.
Токаев өз сөзүндө жаратылыш кырсыктарына байланыштуу бийликти орунсуз айыптоо жана элди дүрбөлөңгө түшүрүү – "коомду консолидациялоого тоскоолдук жаратып", "бийлик кырдаалды көзөмөлдөн чыгарды" деген туура эмес пикир жаратарын белгиледи.
Мамлекет башчысы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) техникалык базасын жаңылоону жана Улуттук гидрогеологиялык кызматын кайра түзүүнү убадалады.
"Өлкөнүн 11 аймагында 20 жаңы суу сактагыч курулуп, азыр иштеп жаткан дагы 15 суу сактагыч реконструкцияланат. Бул 134 калктуу конуштагы суу каптоо тобокелдигин кыйла азайтат", – деди Токаев.
Казакстан ӨКМи 25-апрелде жарыялаган маалыматка ылайык, Түндүк Казакстан, Атырау жана Актөбө облустарында дээрлик 6 миң турак үйдөн жана 2,5 миңден ашык короо жайдан суу сордурулуп бүттү.
Бүгүнкү күнгө карата эвакуацияланган 31 миң киши өз үйлөрүнө кайтып барды. Дагы 8 560 адам, анын ичинде 3 717 бала эвакуациялык жайларда калууда.