Ссылки доступа

Кэмерон: Улуу Британия Казакстан менен терең өнөктөштүккө ачык


Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон 25-апрелде “Азаттыктын” казак кызматына берген интервьюсунда Лондон Астана менен терең өнөктөштүк түзүүгө ачык экенин билдирди.

Дэвид Кэмерон Казакстан Орусия жана Кытай менен болгон мамилесин сактап калып, ошол эле маалда Улуу Британия менен дагы өнөктөштүктү түзө аларын айтты.

"Менимче, бизде билим берүү, бизнес, экономика, соода, саясий өз ара аракеттенүү боюнча эң сонун өнөктөштүк бар. Мен бул өсүштү 13 жыл мурун биринчи келгенден бери эле көрүп жатам. Биз ыктыярдуу өнөктөшпүз”,-деди Дэвид Кэмерон.

Сүйлөшүү учурунда Казакстандын атомдук электр станция куруу пландарын ишке ашырууда Улуу Британия маанилүү роль ойношу мүмкүн экени да айтылды.

“Биз көп жылдардан бери чакан өзөктүк реакторлорду жасап келебиз, ошондуктан алар биздин суу астындагы кайыктарыбызда орнотулган. Мен Rolls-Royce сыяктуу компаниялардын ушундай кичинекей өзөктүк реакторлорду башка өлкөлөр үчүн курууга дарамети бар деп ойлойм”,-деди Дэвид Кэмерон.

24-апрелде Астанада Дэвид Кэмерон Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу менен жолугушту. Казакстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, тараптар аймактык коопсуздук жана кызматташтык маселелерин, Украинада болуп жаткан согушту талкуулашты. Тышкы саясат ведомстволор стратегиялык өнөктөштүк боюнча жаңы келишимге кол коюшту.

Ушул аптада Дэвид Кэмерон Кыргызстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын жогорку даражалуу өкүлдөрү менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушуулар анын Борбор Азиядагы дипломатиялык сапарынын алкагында өттү. Кэмерон эми Монголияга барат.

XS
SM
MD
LG