Ссылки доступа

Иликтөө: Газдан миллиондогон киреше тапкан компаниянын Мирзиёевдердин үй-бүлөсү менен байланышы бар



Ultimo Group Limited ЖЧКсындагы акцияларын апасынын атына каттаткан Дилер Каюмов учурда Мирзиёевдин күйөө баласы Отабек Умаров менен байланышы бар Tashkent City Mall соода борборунун директору
Ultimo Group Limited ЖЧКсындагы акцияларын апасынын атына каттаткан Дилер Каюмов учурда Мирзиёевдин күйөө баласы Отабек Умаров менен байланышы бар Tashkent City Mall соода борборунун директору

"Озодлик" радиосунун иликтөөсү Өзбекстандын президентинин үй-бүлөсүнө байланышы бар анча белгисиз компания 100 миллион доллардан ашык мамлекеттик жашыруун келишимдерди алганын аныктады.

Анын ичинде өлкөнүн эң ири цемент заводун жогорулатылган баада газ менен камсыз кылуу келишими бар.

Ultimo Group Limited компаниясынын Өзбекстандагы ири цемент чыгаруучу "Qizilqumsement" компаниясы менен түзгөн мамлекеттик келишими нааразылыкты жана күмөндүү суроолорду жаратты. Иликтөө көрсөткөндөй, президент Шавкат Мирзиёевдин жакындарынын өнөктөштөрү газ жеткирүү боюнча 36 миллион доллардан кем эмес мамлекеттик келишимге ээ болушкан. Келишимде газ наркынын жогорку көрсөтүлгөнү жана компаниянын Нью-Йорктон Дубайга жана Гонконгго чейинки чиелешкен түйүн менен болгон байланышы шектенүүлөрдү жаратты.

Ultimo Group кымбат баалуу буюмдарды жеткирүү менен алектенген компаниялар менен байланышы бар экени жана аны Мирзияевдин күйөө баласы Отабек Умаровдун өнөктөштөрү башкарары белгилүү болду. Бул тармактагы негизги фигура – Өзбекстандын дзюдо федерациясынын жетекчиси болуп иштеген Умаровдун ишенимдүү адамы Азизжон Комилов.

Мурунку иликтөөлөр Умаровдун айланасындагы адамдар Мирзиёевдин колдоосу менен жана көбүнчө татаал корпоративдик түзүмдөр аркылуу өздөрүнүн бенефициарларын жашыруу үчүн кандайча чоң байлык топтошконун көрсөткөн.

Ultimo Group Өзбекстандын борбору Ташкентте 2021-жылдын март айында катталып, бир нече айдын ичинде газ менен камсыздоо боюнча өкмөттүк келишимге жетишкен. Бирок компаниянын иштеп жаткан веб-сайты же башка презентациясы жок жана анын расмий кожоюндарынын бири эч качан бизнес менен алектенбеген пенсионер болуп саналат.

Ultimo Group компаниясынын Өзбекстандын газ рыногундагы ишмердүүлүгү кандай кокустан башталса, ошондой эле аяктады. Компания Түркмөнстандан газ импорттоону токтотуп, ишин жыйынтыктады.

Бул иликтөөлөр коомчулукта көптөгөн суроолорду жаратып, компаниядан жана мамлекеттик органдардан кошумча тактоону талап кылууда.

(иликтөөнү толугу менен бул жактан окуй аласыз)

XS
SM
MD
LG