Ссылки доступа

Петербургда өзбекстандык өрттөн кишилерди сактап калды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Санкт-Петербургда көчө шыпыргыч болуп иштеген өзбекстандык Олимжон Ибрагимов турак жайдагы өрт учурунда фасаддагы труба аркылуу  3-кабатка чыгып, бир нече адамды куткарып калды.

Ал кишилерди терезенин кырына алып чыккан, андан кийин алар ӨКМдин куткаруу тепкичтери менен төмөн түшүшкөн.

Окуя 25-апрель күнү эртең менен Подольская көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде болгон. Эртеси күнү Санкт-Петербургдун Адмиралтейский районунун башчысы Сергей Оверчук Олимжон Ибрагимовго райондун көрүнүшү тартылган сүрөттү белек кылды.

Ал жети жылдан бери үй-бүлөсү менен Орусияда жашайт. Бул жакка десант аскерлигинен пенсияга чыккандан кийин келген. Жубайы менен кызы да көчө шыпырып иштейт.

Олимжон Ибрагимов бир жылдан ашык убакыт мурун да Верейская көчөсүндө чыккан өрттөн бир аялды куткарганын айтты. Анда ага грамота беришкен.

«Жардам берүү биздин милдетибиз, Кудай барыбызды карап турат... Биз бул жердеги адамдарга көп көмөк көрсөтөбүз... Бирине муздаткычты көтөрүп кирүүгө, дагы бирине жарабай калган буюмдары ыргытууга жардам беребиз. Телефон номурум эшиктин алдында илинип турат», – деди ал.

Өрт учурунда жалпысынан 10 адам, ошондой эле мышык жана ит куткарылган.

XS
SM
MD
LG