"Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев суу ташкындарынын кесепеттерин жоюу жана жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүү үчүн каражаттарды үнөмдөө максатында имидж түзүүчү жана башка ири иш-чаралардан баш тартууга буйрук берди", – деп айтылат маалыматта. Бул тууралуу Казакстандын Туризм жана спорт министрлиги билдирди.
Февраль айында Казанда болгон жолугушууда Токаев Орусия президентине кезектеги "Келечектин оюндарын" Казакстанда өткөрүүнү сунуштаган.
Бул арада сентябрда Астанада өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кете турган чыгымдар оптималдаштырылат.
Буга чейин IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2022-жылы Түркиянын Изник шаарында өткөн.
Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келген Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ага чейин үч жолу Ысык-Көлдө уюштурулган.