Укук коргоо органдары бир аял, бир бала жана бир кыздын сөөгүн табышкан. Каза болгондордун тек-жайын тактоо иштери башталды.
Прокуратура жана ички иштер органдарынын ыкчам-иликтөө тобу кылмышка шектүү жаранды кармады. Ага каршы "Эки же андан көп адамды өзгөчө мыкаачылык менен атайылап өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда окуянын себептерин аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.