Ссылки доступа

Москва аэропортторунда Тажикстандын миңге жакын жараны кармалып турат


Москва аэропортторунда миңге жакын тажик жараны кармалып турат. Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 27-апрелге карата "Внуково" эл аралык аэропортунун убактылуу кармоочу жайында Тажикстандын 954 жараны кармалып турат. Алардын арасында орус өкмөтү берген квотанын негизинде Орусиянын жогорку окуу жайларында окуган тажикстандык студенттер да бар.

Узак күтүүлөрдөн кийин "Внуково" аэропортунда кармалып турган 322 адам Орусиянын аймагына киргизилгени кабарланды. Ошол эле маалда орус тарап алардын 306сын депортация боло тургандардын тизмесине кошууну көздөп жатат деген маалымат бар. Буга чейин 27 киши Орусиядан чыгарылганы белгилүү болгон.

"Мындай чектөө чаралары бир гана Тажикстандын жарандарына тиешелүү болуп жатат", - деп жазылган тажик ТИМинин билдирүүсүндө.

Ушундай эле абал Москванын "Жуковский", "Домодедово" жана "Шереметьево" аэропортторунда да байкалууда. Бул аба жайларында да Тажикстандын ондогон жараны тиешелүү шарттарсыз кармалып турат.

"Аэропорттордо кармалып турган жарандар тиешелүү деңгээлде ысык тамак менен камсыз болбой жаткандыктан, тажик дипломаттары диаспора өкүлдөрү менен биргеликте тамак-аш жеткирип берип жатышат. Мындан тышкары мекендештерге жеринде жардам берүү үчүн Тажикстандын Москвадагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн консулдук кызматы тарабынан күнү-түнү иштей турган ыкчам штаб ачылды", – деп билдирди ТИМ.

Орусияда Тажикстандын жарандарына карата басым быйыл 22-мартта Подмосковьедеги "Крокус Сити Холл" концерттик залында болгон теракттан кийин күчөдү.

XS
SM
MD
LG