Ссылки доступа

Volkswagen жана Volvo заводдору өзбек жарандарына иш сунуштады


Словакиядагы Volkswagen жана Volvo заводдору өзбек жарандарын жумушка чакырат.

Өзбекстандын Иш менен камсыз кылуу жана жакырчылыкты кыскартуу министрлигинин маалыматы боюнча, Volkswagen заводу Өзбекстандан 18 жаштан 45 жашка чейинки 240 адисти жумушка алууга даяр. Маалым болгондой, жумушчулар премиум класстагы автоунааларды өндүрүү, шасси жана салондорду чогултуу, кураштыруу, диагностикалоо жана унааларды сыноо иштери менен алектенишет.

Талапкерлер үч нөөмөт менен иштеп, айлык маянасы 1200-1600 еврону түзөт.

Volvo Өзбекстандан 150гө чейин жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын жумушка аларын жарыялады.

18 жаштан 45 жашка чейинки айдоочулар орус тилинде сүйлөй билип, С жана Е классындагы айдоочулук күбөлүгү болушу керек. Аларга айына 1700-2400 евро маяна убада кылынган.

Быйыл апрель айында Өзбекстанда президенттин жарлыгы менен мигранттардын кесиптик жана тил сертификаттарын алууга байланышкан чыгымдары компенсациялана турганы аныкталган.

XS
SM
MD
LG